Премьер-министр Эрдоган Пан Ги Мун менен сүйлөштү

Сүйлөшүү жарым саатка созулду.

68138
Премьер-министр Эрдоган Пан Ги Мун менен сүйлөштү


Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган кечээ БУУнун баш катчысы Па Ги Мун менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Пан Түркиянын ок атууну токтотууга карай салымына абдан маани бергендерин баса белгиледи.
Өкмөт башчы Эрдоган болсо Израиль өкмөтүнүн, Израиль-Палестина келишпестигинин аскердик ыкмалар менен чечиле албай турганын түшүнүүсү керектигине көңүл буруп, Газада кыргынга себепчи болгон кол салууларды дароо токтотууга чакырды.
Эрдоган Түркия катары тараптардын ортосунда туруктуу ок атпоо иш-чараларынын ийгиликтүү аякташын каалагандарын баяндады.
Сүйлөшүү жарым саатка созулду. Бул сүйлөшүүнүн Пан Ги Мундун талабы боюнча өткөрүлгөнү билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар