Израиль максатына жете албайт

Давутоглу ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жаткандарын билдирди.

66109
Израиль максатына жете албайт


Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Израилдин Газага кол салуусу тууралуу: «Израиль канчалык зулумдук кылса да максатына жете албайт»,- деди.
Кониялыктардын 9-салттык жолугушуусуна катышкан Давутоглу: «Бул Рамазан айында көңүлүбүздүн бир жартысы Газада, бир жартысы Сирияда, Иракта»,-деп айтып, Газага кол салуулар башталган түндөн эртең мененки бешке чейин ар ким менен байланышууга аракет кылгандарын айтты.
Давутоглу ушул багытта ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жаткандарын билдирди.
Газа калкынын эр жүрөк калк экенин баса белгилеген Давутоглу: «Ушунчалык эр жүрөк калк болгондуктан газалыктар көптөгөн жылдардан бери Рамазанда жана башка күндөрдө ар түрдүү кол салууларга дуушар болгонуна карабастан баш ийишкен жок. Салам айтамын газалыктарга, салам айтамын ошол эр жүрөк калкка»,- деди.

Зулумдук кылгандар бул дүйнөдө жана акыретте буга сөзсүз жооп беришет деген Давутоглу: «Бир күнү бул калктар бирге болушуп, жасалгандардын эсебин чогуу сурашат»,-деп кошумчалады.  

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар