Эрдоган Израилге наалат айтты

Эрдоган карапайым жарандарды бутага алган Израилге маанилүү мисалдарды көрсөтүп наалат айтты.

65150
Эрдоган Израилге наалат айтты

Эрдоган Газага кургактыктан кыймыл баштаткан Израилди айыптады.
Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын шайлоо иш-чараларында кечээки аялдамасы Орду шаары болду.
Ордулуктарга кайрылган өкмөт башчы Эрдогандын күн тартибинде Газага кургактыктан кол салган Израиль бар эле.
Эрдоган карапайым жарандарды бутага алган Израилге маанилүү мисалдарды көрсөтүп наалат айтты.
Эрдоган израилдиктердин кош бойлуу мусулман аялдын сүрөтү тартылган жана мусулман аялды ичке атып бир ок менен эки жан ал деген футболка чыгаргандарын белгилеп: «Булар адамкерчиликти билишпейт, бул наадандык болуп саналат, бул намыссыздык, арсыздык болуп саналат. Адамзаттыктын атынан жек көрүүдөмүн, наалат айтамын»,-деп айтты.
Түркияда жашаган еврейлерге карай терс мамиледе болууну кабыл албай турганын айткан Эрдоган: «Биздин бутабыз Израилдин зулум башкаруучулугу, террорчулук менен шугулданган бийлиги. Биз ошолорду батага алышыбыз керек ,иштерибизди ошого багыттап жүргүзүүбүз туура болот жана Изриль калкын өз бийлигинин кылган мамилесине каршы турууга чакырышыбыз керек»,-деди.
Мындай кыргын болуп жатканда батыштын үн катпай калганын сындаган Эрдоган, Ислам өлкөлөрүн да сындап, көпчүлүгү үн катпай калганын, ал эмес айрымдары бул адамзаттык кылмышын колдогондорун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар