Премьер - министр Р. Т. Эрдоган Газа тууралуу билдирүү жасады

Р. Т. Эрдоган Израилдин БУУнун чеимдерин тебелеп - тепселегенин айтты

64320
Премьер - министр Р. Т. Эрдоган Газа тууралуу билдирүү жасады

Президентикке талапкер жана премьер – министр Р. Т. Эрдоган Израилге дагы бир жолу катуу каршы чыкты. Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Стамбул облустук төрагалыгы тарабынан ооз ачуу тамагына катышкан премьер – министр Эрдоган : «Түз эфирлерде берилген көрүнүштөргө карата ооздорунун, көздөрүнүн, кулактарынын жабылганын көрүп турабыз, күнөөсүз адамдардын каны жерде калбайт, ошол күнөөсүз төгүлгөн кандар бир күн Израилге бөгөт болот»,- деди. Ушул күнгө чейин БУУнун Израиль тууралуу чыгарган жүздөн ашуун чечимдин бар экенин жана бул чечимдердин колдонула турган жагынын жок экенин белгилеген Эрдоган Израилдин БУУ чыгарган чечимдерди каалаганындай тебелеп - тепселегенин жана БУУнун үн чыгарбаганын баса белгиледи. Болгон окуяларга үнсүз калган ислам дүйнөсүн да сынга алган премьер – министр Эрдоган : «Бул абал кайгыбызды дагы да күчтөндүрүүдө»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар