Махмуд Аббас президент Абдуллах Гүл жана Эрдоган менен жолугушту

Махмуд Аббас Палестинада болгондор тууралуу маалымат берди

64310
Махмуд Аббас президент Абдуллах Гүл жана Эрдоган менен жолугушту

Түркияга келген Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас кечээ Стамбулда президент Абдуллах Гүл менен жолугушту. Гүл жолугушуудан кийин өткөргөн маалымат жыйынында акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин Палестинада абдан маанилүү абалдардын болгонун, улуттук макулдашуунун түзүлгөнүн, Палестина мамлекетинин эл аралык тармакта да маанилүү абалдарга өбөлгө түзгөнүн айтты.
Гүл акыркы 10 күндүн ичинде болгон Израиль кол салууларынын Палестина калкын жана өкмөттү бутага алганын белгиледи. Аббас жана жолдошторунун болгон абалдар тууралуу өзүнө маалымат бергенин белгилеген Гүл бул үчүн Аббаска рахмат айтты. Эмбарголор астында абдан чоң кыйынчылыктарды тарткан Палестина калкына гуманитардык жардамдардын ылдам түрдө жеткирилүүсү керектигин белгилеген Гүл : «Ок атууну токтотуунун түзүлүшү жана эки мамлекет катары акыркы чечүүчү жолдун түзүлүшү керек»,- деди. Гүл ар дайым болгондой эле түрк калкынын Палестина калкынын жана Палестина доосунун жанында экенин баса белгиледи. Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас да Палестинада болгондор тууралуу маалымат берди. Түркияны Палестина маселесинде негизги орток катары көрүшкөндөрүн, Түркия менен дайыма карым – катнаш ичинде болушкандарын белгилеген Аббас : «БУУда Түркиянын бизге берген колдоосу жана алган ролу чындыгында сыймыктандыруучу»,- деди.
Израилдин палестиналыктардын арасындагы макулдашууну жана биримдикти каалабаганын белгилеген Аббас : «Израль биздин БУУна жана эл аралык уюмдарга мүчө болуубузду каалабайт. Борбор шаары Иерусалим болуу менен көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү үчүн Израиль ар дайым шылтоолорду таап жатат»,- деди. Махмуд Аббас андан кийин премьер – министр Р. Т. Эрдоган менен Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Стамбул облустук башкаруучулугунун ооз ачуу тамагына катышкандан кийин Долмабахчедеги премьер – министрлик офисинде жолугушушту. Басма сөзгө жабык түрдө өткөрүлгөн жолугушууда Израилдин Газага карата кургактыктан жасаган операциясындагы акыркы абал менен Түркиянын бул процессте кандай роль алары темасы каралды. Эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштар да сөз болгон жолугушуудан кийин билдирүү жасалган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар