Тышкы иштер министрлигинин жарыясы
Газадагы түрк жарандары Түркияга алынып келүүдө.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Израилдин Газа тилкесине карай аскердик операциясын баштаганы боюнча Газа тилкесиндеги түрк жарандары менен өз-өзүнчө байланыш курулганын, аймактан чыгып кетүүнү талап кылган учурларында керектүү колдоонун камсыздала турганын билдирди.
Министрликтин жарыясында Газа тилкесинен чыгып кетүүнү каалаган 28 түрк жарандан он алтоосунун Түркияга алынып келингени, он экөөсүнүн болсо өз каалоолору менен Иорданияда калгандары белгиленди.
Анда, Газадан чыгып кеткиси келген түрк жарандарынын Тель-Авивдеги түрк элчилиги, Иерусалимдеги башкы консулдук жана 24 саат кызмат кылган Консулдуктун оператору менен байланыша ала тургандары баяндалды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.