Премьер – министр Эрдогандын күн тартибинен Газа орун алды

Эрдоган : «Зулумчулук улантылып жатканда карым – катнаштар нормалдаша албайт»,- деди

125746
Премьер – министр Эрдогандын күн тартибинен Газа орун алды

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган Израилдин Газага карата кол салуулары токтомоюнча Түркиянын Израил менен карым – катнаштарынын нормалдашпай турганын айтты. Кечээ Йозгатта калкка кайрылгандан кийин губернаторлуктун ооз ачуу тамагына катышкан премьер – министр Эрдогандын күн тартибинен Газа орун алды.
Ооз ачуудан кийин жарандарга кайрылган премьер – министр Эрдоган : «Биз оозубузду ачтык, бирок тилекке каршы Палестинада Израиль бомбалары атылууда»,- деди. Эрдоган тема тууралуу БУУ менен сүйлөшүшкөндөрүн белгиледи.
Эрдоган кечээ дүйнөнү Газада болуп жаткан адамзаттык трагедияга үнсүз калбоого чакырды жана Палестинадагы абалдарды иликтеп турарын айтты. Израилдин карым – катнаштардын нормалдашуусун каалаганын, бирок окуялардын да улантылып жатканын белгилеген премьер – министр Эрдоган : «Зулумчулук улантылып жатканда карым – катнаштар нормалдаша албайт»,- деди.
Премьер – министр Эрдоган күндүн ичинде Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана Хамастын саясий бюро шефи Халид Мешал менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Премьер – министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда премьер – министр Эрдоган Түркиянын мамилесин ортого салып, Израилдин Газага карата кол салууларын дароо токтотуусу жана ок атууну токтотууга кайтуусу керектигин баса белгиледи. Айрыкча премьер – министр Эрдоган күндүн ичинде Газага жардам жолдомосун да берди. Премьер – министрдин жолдомосу менен вице – премьер Эмруллах Ишлер аймакта офиси болгон Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА менен байланышка өттү. ТИКАнын Газадагы офиси оболу чукул муктаждыгы барларга азык – түлүк жана дары – дармек жардамын берет. ТИКА аймактагы согуштан улам тыштан жардам бериле албагандыктан жергиликтүү булактардан алган дары – дармек жана азык – түлүккө муктаждыгы барларга таркатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар