Тышкы иштер министри Гарри Кабала менен жолугушту

Кабала Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин колдошкондорун айтты

123379
Тышкы иштер министри Гарри Кабала менен жолугушту

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Ирактагы этникалык жана сектанттык бөлүнүүнүн жикчил мамлекеттик саясатынан чыкканын айтты. Давутоглу : «Маселени чечүү мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөнүн бардык аймактарына бирдей бөлүштүрүлүүсү менен ишке ашат»,- деди. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Замбиянын тышкы иштер министри Гарри Калаба менен жолугушту. Эки министр жолугушкандан киийн журналисттердин суроолоруна жооп берди. Давутоглу Ирактагы абалдарга баа берип жатып, чечүүчү жолдун өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн ар бир аймакка бирдей бөлүштүрүлүүсүндө экенин белгиледи. Давутоглу : «Оболу Ирактагы саясий лидерлердин бул чыгуучу жолдун өлкөдө этникалык жана сектанттык тынчтыктын түшүзүлүшү, өлкөнүн бардык аймактарында, түндүгүндө, түштүгүндө мүмкүнчүлүктөрдүн тең бөлүштүрүлүүсүн негиз кылып алган жаңы бир кыймыл менен Иракты курушса Ирактын жеринин бүтүндүгү сакталат»,- деди.
Тышкы иштер министри Давутоглу Крым татар түрктөрүнүн лидери Мустафа Кырымоглу жана Крым Татар Улуттук Парламентинин төрагасы Рефат Чубаровдун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салганына баа берди. Давутоглу : «Крым татар түрктөрү үчүн алып келинген тыюу салуулар тынчтыккка салымын кошпойт»,- деди. Замбиянын тышкы иштер министри Кабала да Түркиянын 2015 -2016 – жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин колдошкондорун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар