Премьер – министр Р. Т. Эрдоган АКШнын вице – президенти Жо Байд
Сүйлөшүүдө Ирак жана Сириядагы абалдар каралды
Премьер – министрликтин булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Ирак башта болуу менен аймактык темалар боюнча пикир алышышты. Сүйлөшүүдө Рамазан айынан улам премьер – министр Эрдоганды куттуктаган Байдендин түрк тройлер шоферлорунун эркин кое берилүүсүн кубантуучу абал катары мүнөздөгөнү белгиленди. Эрдоган менен Байден Ирак жана Сириядагы абалдар тууралуу Түркия жана Американын биргелеше иш алып барууларынын маанисин белгилешкен сүйлөшүүдө келечекте да жакын байланыш ичинде болуу тууралуу макулдашуу түзүлдү. 35 минутага жакын созулган сүйлөшүү Жо Байдендин премьер – министр Эрдоганга телефон чалуусу менен ишке ашты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.