Премьер - министр Р. Т. Эрдогандын президентикке талапкерлиги че

Немис «Der Spiegel» журналы президенттикке талапкер болгон Эрдогандын дагы көптөгөн жыл түрк саясатында болорун жазды

114867
Премьер - министр Р. Т. Эрдогандын президентикке талапкерлиги че

Премьер – министр Р. Т. Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясы тарабынан президентикке талапкер көрсөтүлүүсү эл аралык медиада «эң негизги» кабар болду. Дүйнөнүн алдыңкы гезиттери Эрдогандын талапкерлигин биринчи кабар катары берди. Ройтерс кабар агенттиги премьер – министр Эрдогандын дагы күчтүү президенттик ролу үчүн талапкерлигин жарыялаганын белгилеген. Француз кабар агенттиги АФП болсо Эрдогандын эки мезгил президенттик милдетин аткара аларын жана Мустафа Кемал Ататүрктөн кийин көп убакыт лидерлик кылган саясатчы болорун баса белгилеген. Немис «Der Spiegel» журналы президенттикке талапкер болгон Эрдогандын дагы көптөгөн жыл түрк саясатында болорун жазган. Маалыматта президенттик үчүн жасалган коомдук сурамжылоодо Эрдогандын алдыда экени да баса белгиленди. Англис басма сөз мекемеси ББС да премьер – министр Р. Т. Эрдогандын талапкерлигин жарыялаган кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын андан мурда алты жолу шайлоодо жеңип чыкканын баса белгилеген.
Ал Жазира телекөрсөтүүсү болсо кабарында президенттин Түркияда дагы көп символдук мааниге ээ экенин, бирок премьер – министр Эрдогандын калк тарабынан шайланышы бул кызматка дагы кенен жоопкерчиликтин берилиши керектиги боюнча көз карашка орун берген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар