Министрлер кеңеши премьер – министр Р. Т. Эрдогандын жетекчилиги
Вице – премьер Бүлент Арынч жыйындан кийин журналисттердин күн тартип беренеси боюнча суроолоруна жооп берди
Вице – премьер Бүлент Арынч Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын президенттик талапкери тууралуу : «Кудай буйруса бүткүл дүйнө билген ысым болот»,- деди. Чечүүчү жол процесси, алкактык мыйзам долбоорунун парламенттеги мыйзамдашуу процесси тууралуу да маалымат берген Арынч жалпы кеңештин мыйзамды эң жакшы кылып чыгарарына ишенгенин айтты. Вице – премьер Арынч Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяхунун Ирактын бөлүнөрү тууралуу ойлорго жооп берди. Арынч : «Нетаньяхунун мынтип айтуусу менен Иракта бул ишке ашат деген мааниге келбейт»,- деди. Арынч Түркиянын Керкүктүн азыркы учурдагы статусунун ушул бойдон сакталып калуусун жактаганын да белгиледи. Бүлент Арынч Иракта качырылган түрк жарандары тууралуу иштердин улантылып жатканын белгиледи: «Рамазан айынын ичинде мекендештерибиз менен жолугушарыбыздан үмүттүүбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.