Эрдоган мигранттар менен жолукту

Түркияда өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн Францияда жашаган мигранттардын добуш берүүгө барышын талап кылды.

102639
Эрдоган мигранттар менен жолукту

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган кечээ Франциянын Лион шаарында Европалык Түрк демократтар биримдигинин 10 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында мигранттарга кайрылды.
Сөз сүйлөй турган залга калың элдин коштоосунда кубаттоолор менен келген өкмөт башчы, чечим табуу процессине карай маалыматтарды берди.
Премьер-министр: «Түркияда экинчи бир мамлекет түзүүнү кыялдангандар бекеринен кыялданышпасын. Мындай кыялданууга эч ким батпасын»,-деди.
Эрдоган сокку уруу мезгилдеринин артта калганын белгилеп, 12-сентябрь соккусун ургандардын кеч болсо дагы жоопко тартылганын жана жооптуулардын соттолгонун белгилеп өттү.
Премьер-министр Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө үн салды жана «Эч ким Түркиядан коркпосун, тартынбасын. Европа Биримдигинин Түркияга муктаждыгы бар. Европа Биримдигинин жикчилдик, бөлүүчүлүк, антисемитизм жана исламофоби менен күрөшүү үчүн Түркияга муктаждыгы бар»,-деп айтты.
Францияда жашаган атуулдарга кош атуулдук сунушун айткан өкмөт башчы, Түркияда өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн Францияда жашаган мигранттардын добуш берүүгө барышын талап кылды.
Премьер-министр Эрдоган Лиондогу жолугушуусунан кийин кечээ кечинде өлкөгө кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар