Англиянын Анкара элчилигинде конок күтүү
Каржы министри Мехмет Шимшек болсо кабыл алууга урматтуу конок катары катышты.
Англиянын Анкарадагы жаңы элчиси Ричард Мур жубайы менен бирге Англия ханышасы Елизавета II нин 88-туулган күнүнүн урматына кабыл алуу уюштурду.
Аскердик, саясий, бюрократиялык жана дипломатиялык жогорку даражадагы бир канча мейман гайдай менен кабыл алынып, элчиликтин бакчасында чогулду.
Каржы министри Мехмет Шимшек болсо кабыл алууга урматтуу конок катары катышты.
Шимшек, түрк өкмөтүнүн атынан ханышанын туулган күнүн куттуктап, экономикалык байланыштардын дагы да өнүгүүсү үчүн, баардык эшиктердин ачык экендигин айтты.
Англиянын Анкарадагы элчиси Мур да Сириялык качкындарга көрсөткөн жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.
Элчи, “Иракта кармалган түрк мекендештердин бат эле коё берилерин үмүт кылам жана шахта жарылуусунан жабыр тарткан Сома тургундарына жакшы тилектеримди жолдойм”-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.