Ирактагы окуялар тышкы саясаттын көңүл чордонунда...

Ахмет Давутоглу кечээ Жиддеде маанилүү жолугушуу өткөрдү.

100234
Ирактагы окуялар тышкы саясаттын көңүл чордонунда...

Бир нече күндөн бери Анкарада Ирак боюнча дипломатиясын жүргузүп жаткан тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу кечээ Жиддеде маанилүү жолугушуу өткөрдү.
Тышкы иштер министри Давутоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун 41-тышкы иштер министрлеринин чогулушунда сүйлөгөн сөзүндө- Иракта кармалып турган түрк жарандарынын убакыт өткөрүлбөстөн, бошотулушун суранды жана секта кагылышууларына карата эскертүү жасады.
Давутоглу кармалып турган жарандардын куткарлышы үчүн ыкчамдык менен иштеп жаткандарын айтты.
Давутоглу дагы 15 түрк жаранынын уурдалганы тууралуу маалыматтын тастыкталбаганын айтып жатып, Түркиянын аймак үчүн берип жаткан иштерин да кошумчалады.
“Телафердеги абалдан улам кооптонуудабыз” деген Давутоглу :“Ирактагы аскерлер чачырап кеткен шарттан калктын баардык катмары жабыр тартууда. Түркмөндөр жашаган аймакта жардамга муктаждык бар. Түркия болсо алар менен бирге болот” деген сөз айтты.
Бир тараптан Тышкы иштер министрлиги түрк жарандарына багытталган саякат кылбоо эскертүүсүн түштүктөгү 8 провинциясын кошо камтый тургандай кылып, кеңейтти.
Министрликтин билдирүүсүндө: “ Шиит калкы көп жашаган түштүк провинцияларында башка өлкөлөр менен бирге өлкөбүзгө карата негизсиз пропаганданын жайыла баштаганы байкалууда” деген сөздөр орун алды.

Тышкы иштер министрлиги өзгөчө, “Эн Нусра” фронтунун террордук уюмдардын тизмесинен чыгарылды деген маалыматты төгүнгө чыгарды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар