Премьер-министр Эрдоган улутка кайрылды

Эрдоган 10-август шайлоолорунун алдында бирөөлөр кирдүү эсептерди кылууга аракет кылып жатканын эске салды.

79001
Премьер-министр Эрдоган улутка кайрылды

Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Таййип Эрдоган улутка кайрылуу жасады.
Эрдоган «Улутка кызмат жолунда» сөзүндө Сомадагы шахта кырсыгынын жооптууларынын табыла турганын айтты.
Бул кайгылуу окуяны эч ким жаап жашырбай турганын, ийне жибине чейин бул апаатты иликтей тургандарын баса белгилеген Эрдоган, « Кайдыгерликтер, чара көрбөөчүлүктөр, кемчиликтер белгиленип, керектүү иштер сөзсүз аткарылат. Мындай кайгылардын кайра кайталанбашы үчүн да ар түрдүү чара көрүүнү күчөтүп, мыйзамдарыбызды жана текшерүүлөрүбүздү дагы күчтөндүрөбүз»,-деди.
Өкмөт башчы Эрдоган шайлоолордун алдында көчөлөрдү террорго айландырууну каалагандар бар экендигин эскертти.
10-август шайлоолорунун алдында бирөөлөр кирдүү эсептерди кылууга аракет кылып жатканын эске салган премьер-министр: «Сиздер мындай чагымчылыкка алдырбай турганыңызга ишенемин. Шайлоого барып эркин эркиңиз менен Түркия Республикасынын президентин белгилейсиздер»,-деп айтты.
Премьер-министр Германияга сапары убагында немис медиасынын мамилесине да каршылык көрсөттү.
Немис медиасынын маанилүү бир бөлүгүнүн сапарды провакациялоо максаты менен абдан шашылыш түрдө бөлүүчү сөздөрдү айтуудан да тартынбагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Татыктуулугубузду, сабырдуулугубузду сактадык, бирок Европанын ичинде өзгөчө мусулмандарга, түрктөргө, мигранттарга, карай бөлүүчү кол салууларга көңүл бурган болдук. Европа күчөп бара жаткан чет элдик душмандыгына жана жикчил кол салууларга каршы чара көрүп, кечиримдүүлүктү, көп маданияттуулукту алдыңкы планга чыгарат деп ойлойм»,-деп айтты.
Премьер-министр Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 561 жылдыгынан улам сөздөрүн Фатих Султан Мехметти эскерүү менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар