Түркия – Алжир карым – катнаштарынын 500 – жылы белгиленет

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Алжирдин президенти Абдулазиз Бутефлика менен жолугушту

77349
Түркия – Алжир карым – катнаштарынын 500 – жылы белгиленет

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу : «2016 – жылы Түрк – Алжир карым – катнаштарынын 500 жылдыгын майрамдоону пландап жатабыз. Кудай буйруса түбөлүккө созулган достук болот»,- деди.
Министр Давутоглу Байланышсыздар Кыймылынын 17 – министрлер жыйыны үчүн барган Алжирде Алжирдин президенти Абдулазиз Бутефлика тарабынан кабыл алынды. Алжирдин тышкы иштер министри Раматане Ламамар да катышкан жыйын бир саат он беш минутага созулду. Жыйындан кийин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери биргелеше маалымат жыйын өткөрдү. Давтуоглу Түркия жана Алжирдин ортосундагы достуктун эзелки жана тарыхый экенин баса белгиледи.
Жыйында аймак маселелерин да карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн табышкандарын белгилеген Давтуоглу өзгөчө Ливия жана Сириядагы абалдар тууралуу пикир алышууларда болушкандарын билдирди. Давутоглу : «Ливия Алжирдин коңшусу, Сирия Түркиянын коңшусу. Бул жердеги ыраатсыздыктардан таасирленген эки өлкөбүз. Биз Алжирдин ыраатсыздык ичинде реформаларын улантуусунан жана бул багытта ырааттуулугун сактоосунан бактылуубуз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар