Премьер-министрлик Сомада зыян тарткандарга жардам берет

Жардамдар бир чатырдан жүргүзүлөт.

69391
Премьер-министрлик Сомада зыян тарткандарга жардам берет

Премьер-министрлик Сомадагы шахта кырсыгында жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөр үчүн жасалган жана жасала турган жардамдар үчүн процесске кирди.
Премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын колу коюлуп жарыяланган Премьер-министрликтин буйругунда, жардамдардын ылдам жана туура жүргүзүлүшү үчүн эми бир чатырдан Курч кырдаалдар жана кризис башкаруучулугу башчылыгы (AFAD) тарабынан жасала турганы белгиленди.
Премьер-министрликтин жобосунда Сомадагы кырсыктын себебинен зыянга учураган же жакындарынан ажыраган жумушчулардын кырсык болгон учурдан баштап ар түрдүү муктаждыктарынын мамлекеттик мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалганы сөз кылынды.
Сомада болгон апаатта зыян тарткан жарандарга жардам бергиси келгендер Зираат, Вакыфлар жана Халк банктарында ачылган эсептерге акча сала алышат.
Айрыкча бардык уюлдук телефон операторлоррунан «СОМА» жазып 1866га СМС жиберүү жолу менен да 5 түрк лирасынан чогултулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар