Карабахтагы армян башкаруусу тарады

Оккупациялык режимдин башкаруучусу Самвел Шахраманян аймактагы кыйын саясий жана аскердик абалга байланыштуу  жарлыкка кол койгондугун билдирди.

2043528
Карабахтагы  армян башкаруусу тарады

Азербайжандын Карабах аймагында оккупациялык режимди курган армян башкаруусу өзүн  -  өзү таркаткандыгын жарыялады. 

Оккупациялык режимдин башкаруучусу Самвел Шахраманян аймактагы кыйын саясий жана аскердик абалга байланыштуу  жарлыкка кол койгондугун билдирди. 

Жарлыкта : “2024 - жылдын 1 - январына чейин өз министрликтерине караштуу бардык мамлекеттик мекемелер жана уюмдар жоюлат жана Тоолуу Карабах Республикасынын (Арцах) жашоосу токтотулат”,- деп билдирилди.

Жарлыкта аймактагы армяндардын Азербайжан Республикасы сунуштаган реинтеграция шарттарына ылайык Карабахта калуу же кетүүнү өз алдынча жана жекече чече турганы белгиленди.

Советтер союзунун кулашы менен армяндар эл аралык укук жана бардык келишимдер боюнча Азербайжандын жери деп  эсептелген Карабахта  кыргындарды жасап басып алган. 

1991 -  жылы  10 -  декабрда азербайжандыктар бойкот кылган жана бир гана армяндар катышкан элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы негиз катары көрсөтүлүп 1992 -  жылы  6 -  январда да жалган көз карандысыздык жарыяланды. 

Бирок Армения жана башка өлкө же эл аралык мекеме Карабахтагы башкарууну таныган жок. 

2020 -  жылы Азербайжан баштаган жана  44 күнгө созулган Мекен согушу акырында Армениянын жеңилгенин тастыктады. 

2020 - жылдын 10 - ноябрында Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда кол коюлган үч тараптуу декларация менен Армения куралдуу күчтөрүн Карабактан чыгарып кетүүнү кабыл алды. 

Аймактагы куралдуу топтор акыркы 3 жылда келишимге баш ийбегендиктен, Азербайжан 19 - сентябрда аймакты куралсыздандыруу жана аталган башкарууну токтотуу үчүн жергиликтүү антитеррордук операция баштаган. 

24 саатка созулган операциянын натыйжасында армяндар куралдарын таштоого аргасыз болушту.

Баку башкаруусу  интеграциялык процесстин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн башкаруунун өзүн өзү таркатышын талап кылган. 

 

 

 



Тектеш кабарлар