Казакстан Орусиядан авиа күйүүчү май импортуна тыюу салды

Казакстандын Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө, өлкөдөгү авиа күйүүчү майдын көптүгүнөн улам убактылуу тыюу салынганы кабарланды.

1999660
Казакстан Орусиядан авиа күйүүчү май импортуна тыюу салды

Казакстан Орусиядан темир жол аркылуу авиа күйүүчү май ташууга убактылуу тыюу салды.

Казакстандын Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө, өлкөдөгү авиа күйүүчү майдын көптүгүнөн улам убактылуу тыюу салынганы кабарланды. 

Билдирүүдө аэропорттордун муктаждыктары үчүн Алматыда 25 миң тонна, Астанада 6 миң тонна авиа күйүүчү майдын вагондордо сакталганы белгиленип: «Бул жагдай абанын 20-30 градус температурасында темир жолдо жарылууга алып келиши мүмкүн», - делди.

Тыюу салуу чечиминин так мөөнөтү айтыла элек.

Буга чейин орусиялык басылмалар Казакстандын Улуттук темир жол компаниясынын 14-июндан 14-июлга чейин орус авиа күйүүчү май ташууга тыюу салганын билдирген.



Тектеш кабарлар