Кыргызстан - Тажикстан чек арасындагы кагылышуу

Тажик тарабынын Кыргызстандын айылдары Кулунду, Максат жана Жаңы  -  Жер отурукташуу жерлерине ок аткандыгы билдирилди.

1880744
Кыргызстан  - Тажикстан чек арасындагы кагылышуу

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасында кайрадан кагылышуу башталып чек ара коргоочуларынан 11 киши жаракат алды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору берген билдирүүдө Кыргызстан - Тажикстан чек арасында кагылышуулардын уланып жатканы маалымдалды. Маалыматта тажик тарабынын Кыргызстандын айылдары Кулунду, Максат жана Жаңы  -  Жер отурукташуу жерлерине ок аткандыгы айтылды.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сиражиддин Мухриддин чек арадагы кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда чек арада жаралган көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгы дагы бир жолу баса белгиленди.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка  мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине нааразылык нотасын берди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда мурунку күнү чыккан кагылышууда   кыргыз тараптан 2 адам жаракат алган, алардын бирөөсү аскер болгон.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар