Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян билдирүү жасады.

1880300
Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө болду.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, Өзбекстандын Самарканд шаарында уюмдун башкы катчысы Чжан Мин менен ШКУга толук мүчөлүк үчүн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшканын кабарлады.

Ушундайча ШКУга мүчө мамлекеттер менен алакалардын жаңы баскычка кадам таштаганын айткан Эмир Абдуллахиян: «Энергетикадан экономика жана соодага чейин көптөгөн тармактарда кызматташтыктын өнүгүшү үчүн маанилүү жагдай болду. Эми кызматташуунун жаңы баскычындабыз», -деди.

ШКУ 1996-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү Кытайдын Шанхай шаарында жолугуп, Чек ара аймактарында аскердик ишенимди тереңдетүү боюнча келишимге кол коюшу менен түзүлгөн.

Уюмга Өзбекстан, Пакистан жана Индиянын да катышуусу менен толук кандуу мүчөлөрдүн саны сегизге жетти. 2005-жылы ШКУга байкоочу мүчө катары кирген Ирандын толук кандуу мүчөлүк процесси 2021-жылдын сентябрында башталган.

Түркия болсо Шанхай Кызматташтык Уюмунун диалог өнөктөшү болуп саналат.



Тектеш кабарлар