Гурбангулы Бердимухаммедовдун уулу президентикке талапкер
Сердар Бердимухаммедов Конгресс мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
1778592
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун уулу жана Министрлер кеңешинин төрага орун басары Сердар Бердимухаммедов 14 - мартта боло турган шайлоодо президенттикке талапкер көрсөтүлдү.
Бийликтеги Түркмөнстан демократиялык партиясынын 9 - конгрессинде партиянын мүчөлөрү Сердар Бердимухаммедовду президентикке талапкер катары көрсөттү.
Конгресс мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирген Сердар Бердимухаммедов : "Президент болуп шайлана турган болсом өлкөбүздү ата - бабаларыбыздын мурасына жана принциптерине таянып, өлкөбүздүн эли үчүн кызмат кылам деп ишендирем. Менин негизги максатым мамлекетибизди өнүктүрүү жана элибиздин бакубат жашоосу",- деди.