Кыргызстанда президенттикке ат салыша турган талапкерлер аныкталды

Бул тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

1544479
Кыргызстанда президенттикке ат салыша турган талапкерлер аныкталды

Кыргызстанда 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 63 адамдын 18и кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында жарыяланган билдирүүдө, кыргыз тилин билген 18 талапкер болжол менен 12 миң доллар (1 миллион сом) күрөөгө салып, кеминде 30 миң колдоочу кол топтогону, арыздын өтүнүч каты менен кошо маалымат бланкын туура жана убагында тапшырганы маалымдалды.

Билдирүүдө экс-премьер-министр Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Адахан Мадумаров баш болгон талапка жооп берген талапкерлер төмөнкүчө тизмеленди: «Арстанбек Абдылдаев, Канатбек Исаев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Мыктыбек Арстанбек, Бактыбек Калмаматов, Имамидин Ташов, Курсан Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Элдар Абакиров, Уралбек Кочкоров,Бабыржан Төлбаев, Абдил Сегизбаев»

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө кезексиз президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Ошондой эле президенттик шайлоонун күнүндө өлкөнүн башкаруу ыкмасын аныктоочу референдум болот.

4-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган оппозициялык партиялардын тарапкерлери уюштурган демонстрациялар элдик толкундоого айланган соң, Ак үйдү ээлеп алышкан.

Ошентип, 5-15-октябрь аралыгында өткөн массалык нааразычылыктардын натыйжасында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөнү 3 жыл башкарган президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен.



Тектеш кабарлар