Сириялык армяндардын Азербайжандын оккупацияланган жерлерине жайгаштырылганы аныкталды

Азербайжан армиясы оккупациядан бошоткон Зенгилан шаарында Армениянын чалгындоо кызматы колдонгон имаратка тинтүү жүргүздү.

1523502
Сириялык армяндардын Азербайжандын оккупацияланган жерлерине жайгаштырылганы аныкталды

Сириялык армяндардын оккупациядагы Тоолуу Карабах жана анын айланасындагы Азербайжандын берки аймактарына жайгаштырылганына байланыштуу документтер табылды.

Азербайжан армиясы оккупациядан бошоткон Зенгилан шаарында Армениянын чалгындоо кызматы колдонгон имаратка тинтүү жүргүзүлүп, армян тектүү сириялык жарандардын аты-жөнү жазылган тизме менен айрым кишилердин паспортторунун көчүрмөлөрү табылды.

Иликтөөнүн натыйжасында тизмеде көрсөтүлгөн 60 сириялык армяндын (бардыгы 19 үй-бүлө) оккупацияланган аймактарда Армения тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз отурукташуу процесси учурунда Зенгилан аймагына жайгаштырылганы аныкталды.

Азербайжан армиясы, 23 жылдан бери оккупацияда турган Зенгилан шаарын 20-октябрда бошотту.



Тектеш кабарлар