Азербайжандын Түркияны куттуктоолору

Азербайжандын Президенти Алиевдин билдирүүсүнө ылайык, Эрдоганга кат жөнөтүлүп, Түркиянын энергетика коопсуздугу жаатында маанилүү кадам таштагандыгы билдирилди.

1477476
Азербайжандын Түркияны куттуктоолору

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганды Кара деңизде изделип жаткан жаратылыш газынын ачылышы менен куттуктады.

Азербайжандын Президенти Алиевдин билдирүүсүнө ылайык, Эрдоганга кат жөнөтүлүп, Түркиянын энергетика коопсуздугу жаатында маанилүү кадам таштагандыгы билдирилди.

Жаратылыш газ кендерин иштеткен тууган түрк элине пайда алып келээрин билдирген Алиев, ушул запастын табылышы Түркиянын өнөр жай потенциалы менен өсүп жаткан күчүнүн бир көрүнүшү экендигин айтты.

Азербайжан жана Түркия илгертен бери ири энергия жана транспорттук долбоорлордун ийгиликтүү турмушка ашырылып жаткандыгын эскерткен Алиев, Баку-Тбилиси-Жейхан, Баку-Тбилиси-Эрзурум, TANAP, Баку-Тбилиси-Карс сыяктуу эки мамлекеттин шериктештигин мындан ары дагы бекемдей тургандыгын билдирди.

Алиевдин билдирүүсүндө, «Түркиянын азыркы учурда дагы башка чалгындоо долбоорлорун ийгиликтүү жүргүзүп жаткандыгына үмүттөнөм. Биз бир тууганыбыз Түркиянын ийгилигине өз ийгилигибиз сыяктуу кубанабыз. Азербайжан-Түркия бир туугандыгы жана достугу өнүгүүгө жана мындан ары дагы бекемделээрине ишенем»,-деп айтты.

Экинчи жагынан, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, вице-президент Фуат Октайга билдирүү жиберип, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов кесиптеши Мевлүт Чавушоглуна телефон чалып, жаратылыш газынын табылышы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар