"ТурАз Бүркүтү-2020" уланып жатат
Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.
1469152
Азербайжан менен Түркиянын куралдуу күчтөрү Азербайжанда баштаган биргелешкен аскердик машыгуу "ТурАз Бүркүтү-2020" уланууда.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, машыгууда түрк F-16 учактары жана Азербайжанга таандык согуштук учактар сценарий боюнча күндүзгү жана түнкү учууларды жүргүзүп ар түрдүү миссияларды аткарышты.
Эки тараптуу кыймыл кылуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүдөн тышкары, издөө-куткаруу иштери менен абадан жердеги буталарды жок кылуу сыяктуу тапшырмалар аткарылган машыгууда учактарга тоскоол болуу, коргонуу жана чабуулдук милдеттер ишке ашты.