Айтматов Анкарадагы Башкент платформасында эскерилди
Айтматов Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ардактуу консулу д-р Мустафа Курт тарабынан расмий веб баракчасында эскерилди.
Кечээ залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан 10-июнда Анкарадагы Башкент платформасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ардактуу консулу д-р Мустафа Курт тарабынан расмий веб баракчасында эскерилди. Анда төмөндөгүдөй эскерүүсүн жазган.
Чынгыз АйтматовТүрк дүйнөсүнүн улуу чынары, дүйнөлүк адабияттын залкар калемгери, чыгармалары менен Түрк маданиятын жана байлыгын дүйнөгө тааныткан; Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маанилүү көпүрөлөрдүн бири болгон Чыңгыз Айтматовдун жарык дүйнө менен кош айтышканына 12 жыл болду. Улуу жазуучуну терең урматтоо менен эскеребиз.
Türk Dünyasının ulu çınarı, dünya edebiyatının önemli bir kalemi, eserleri ile Türk Kültürünü ve zenginliğini dünyaya tanıtan; Türkiye ile Kırgızistan arasındaki önemli köprülerden biri olan Cengiz Aytmatov’u vefatının 12. Yıldönümünde sevgi, saygı ve rahmetle anıyoruz.
Saygılarımla
Dr.Mustafa KURT
Kırgız Cumhuriyeti Türkiye Fahri Başkonsolosu.
http://gazetesivilinisiyatif.com/online/aytmatovu-aniyoruz/