Казакстанда жүргүнчү учагы кырсыкка учурады

Казакстандын Чукул кырдаалдар комитетининин жарыясына караганда 95 жүргүнчү жана 5 кишилик экипажы менен Алматы-Нур-Султан каттамына чыккан Бек Эйрр аба жолдоруна таандык учактын кулап түшкөнү жарыяланды.

1330312
Казакстанда жүргүнчү учагы кырсыкка учурады

Казакстанда жүргүнчү учагы кырсыкка учурап  кеминде 14 киши каза тапты, 30 киши жаракат алды.

Казакстандын Чукул кырдаалдар комитетининин жарыясына караганда 95 жүргүнчү жана 5 кишилик экипажы менен Алматы-Нур-Султан каттамына чыккан Бек Эйр аба жолдоруна таандык учактын кулап түшкөнү жарыяланды.

Учактын учуу убагында турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөнү маалымдалган кабарда, кырсыктан 14 жүргүнчүнүн каза тапканы 30 жүргүнчүнүн жаракат алганы билдирилди.

Кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктура министрлиги кырсыктын себеби жарыяланганга дейре Бек Эйр фирмасынын каттамдарынын токтоулганын жарыялады.



Тектеш кабарлар