Казакстан чет элдик жумушчу алуу квотасын азайтат

Касым Жомарт Токаев борбор шаар Нур Султандагы Көз карандысыздык сарайында өткөрүлгөн Улуттук Коомдук Ишеним Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1327040
Казакстан чет элдик жумушчу алуу квотасын азайтат

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келерки жылы чет элдик жумушчу күчүн алуу квотасынын 40 пайызга азайтыларын айтты. Токаев борбор шаар Нур Султандагы Көз карандысыздык сарайында өткөрүлгөн Улуттук Коомдук Ишеним Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Өлкөнүн ашыкча  тышкы карызы бар деген сөздөрдүн токтошу керектигин белгилеген Токаев улуттук экономикалык министрлиги, финансы министрлиги жана Улуттук Банкка 2020 – жыл 1 -  апрелге чейин санариптик маалымат системасы түрүндө тышкы карызды каттоо системасын өнүктүрүү жолдомосун берди.

Токаев 2020 -  жылдан баштап чет элдик жумушчу күчүн алуу квотасынын 40 пайызга азайтыларын белгилеп бул жылы 49 миң болгон сандын келерки жылы 29 миңге түшүрүлөрүн билдирди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар