Казакстанда коопсуздук системаларынын көргөзмө-жаманкеси өтүп жатат

Көргөзмө-жарманке бейшемби күнүнө чейин уланат.

1279547
Казакстанда коопсуздук системаларынын көргөзмө-жаманкеси өтүп жатат

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда коопсуздук системаларынын көргөзмө-жаманкеси ачылды.

Көз карандысыздык сарайында уюштурулган жарманкенин ачылыш аземине Казакстан, Орусия, Беларусь, Германия жана берки өлкөлөрдөн коргоо өнөр жайы тармагындагы адистер катышты.

80ден ашуун ишкана катышып жаткан көргөзмө-жарманкеде, коргоо өнөр жайы жана коопсуздук тармактарында колдонулган техникалар көрсөтүлүп, конференция менен семинарлар өтүп жатат.

Түркия менен Казакстан биргелеше түзгөн «Казакстан Aselsan Engineering» ишканасы да профессионалдуу рацияларды, IP телефондорду, күндүзгү-түнкү дүрбүлөрдү жана берки коргоо өнөр жайынын жабдууларын жарманкеде келгендерге көрсөтүүдө.

Бул ишкананын башкы директорунун орун басары Абиюр Алшимбаев берген маалыматында, жарманкеге катышуу максаттарынын жергиликтүү өндүрүүчү катары орун алуу экенин белгилеп: «2016-жылдан бери өздөрү өндүрүгөн профессионалдуу рациялар Казакстанда активдүү колдонулуп жатат»-деди.

Казакстанда коргоо өнөр жайы тармагынын өнүккөндүгүн бирок рыноктун чакан экенин айткан Алшимбаев, өндүрүмдөрүн Орусия жана берки Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоону максаттагандарын айтты.

Көргөзмө-жарманке бейшемби күнүнө чейин уланат.



Тектеш кабарлар