Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Казакстандагы президенттик шайлоодо 7 талапкер ат салышууда.

1215215
Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат
kazakistan secim1.jpg

Казакстанда эл президентин белгилөө үчүн шайлоого барып жатат.

Өлкөнүн 12 облусунда шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө башталды.

Мангыстау, Атырау, Актөбө, Батыш Казакстан жана Кызылорда облустарында саат айырмасы болгондуктан добуш берүү иштери бир саат кийин башталды.

Өлкөдө катталган 11 миллион  947 миң  шайлоочу 9 миң 967 шайлоо учаскасында добуштарын берип жатышат.

Добуш берүү процесси саат 20:00дө аяктагандан кийин добуштарды саноо эң кеч 12 сааттын ичинде башталат. Бир жуманын ичинде шайлоонун жыйынтыгы чыгарылышы, жеңген кишинин  белгилениши жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоого алынышы көздөлгөн.

Шайлоолордо мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин президенттик кызматын март айында тапшырып беришинен кийин убактылуу президенттик милдетти аткарып жаткан Касым Жоомарт Токаев да орун алган 7 талапкер ат салышууда.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык талапкердин казак тилин билүүсү, 40 жашын толтурган болушу, өлкөдө эң аз 15 жыл жашаган болуусу жана мамлекеттик кызматтарда эң аз 5 жыл иштеген болушу керек.


Этикеткалар: #Казакстан , #Шайлоодо

Тектеш кабарлар