Орто Азия өлкөлөрүнүн президенттери Астанага барышты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, президенттер Жээнбеков, Мирзиеев жана Рахман менен кечээ EXPO конгерсс борборунда ачылган Астана эл аралык финансы борборун таанытуу жыйынына катышты.

1007765
Орто Азия өлкөлөрүнүн президенттери Астанага барышты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Тажикстандын президенти Имамали Рахман Астананын борбор шаар деп жарыяланышынын 20 жылдыгы үчүн Казакстанга барышты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, президенттер Жээнбеков, Мирзиеев жана Рахман менен кечээ EXPO конгерсс борборунда ачылган Астана эл аралык финансы борборун таанытуу жыйынына катышты.

Андан кийин Назарбаев Көз карандысыздык сарайында конок президенттерди Астананын 20 жылдыгынан улам кабыл алды. Назарбаев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын геополитикалык борбору болгон Астананын жаңы саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүү моделинин түзүлүшүнө мүкмүнчүлүк түзгөндүгүн белгилеп, Астананын дүйнө үчүн тынчтык жана шайкештик борборуна айлангандыгына көңүлдөрдү бурду.

Президент Назарбаев жана коноктор кабыл алуудан кийин Казак жели аянтында Астананын борбор шаар деп жарыяланышынын 20 жылдыгынан улам өткөрүлгөн концертке катышты.



Тектеш кабарлар