Тажикстан Өзбекстанга электр экспорттой баштады

Тажикстан 9 жылдан кийин Өзбекстанга кайрадан электр экспорттой баштады.

943508
Тажикстан Өзбекстанга электр экспорттой баштады

Тажикстан 9 жылдан кийин Өзбекстанга кайрадан электр экспорттой баштады. Акыркы мезгилде эки тараптуу карым – катнаштарда абдан чоң алдыга жылуунун болгондугун белгилеген Өзбекстан жана Тажикстан чек ара капкаларынын ачылышы, 30 күндүк визасыз саякаттын ишке кириши жана 25 жылдан кийин кайрадан учак каттамдарынын баштатылышынан кийин электр энергиясы системаларын кайрадан бириктирди. Тажикстан өкмөтүнөн берилген маалыматта Регар жана Өзбекстандын Гулча электр өткөрүү жолдорунун ишке киргендиги белгиленип, Тажикстандын Өзбекстанга электр экспорттой баштагандыгы билдирилди.

Өзбекстанга жылдын ичинде жалпы 1, 5 миллиард киловатсаат электр сатуунун пландалгандыгы баса белгиленген маалыматта Өзбекстандын бир кловатсаат электр үчүн жай айларында 2 сент, кыш мезгилинде да 2, 5 сент төлөй тургандыгы эске салынды.

Тажикстан менен Өзбекстандын 2009 -  жылы Орто Азиянын бириккен электр ситемасынан чыгышынан кийин эки өлкө энергия системаларынын ортосундагы байланыш үзүлгөн болчу.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда суу жана энергетика булактарынын колдонулушу жана талаш  - тартыштуу чек аралардан улам көптөгөн жылдар болуп келген келишпестик Шавкат Мирзиеевдин 2016 -  жыл  14 -  декабрда Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин азайып жана карым  - катнаштар калыбына келе баштаган. Эки өлкөнүн ортосунда 25 жылдык убакыттан кийин учак каттамдары кайрадан башталып, акыркы болуп эки өлкөнүн ортосунда мындан мурда жабылган 10 чек ара капкасын кайрадан ишке киргизген. Акыркы болуп эки өлкөнүн жарандарынын 30 күн визасыз саякат кылышы да ишке кирген болчу.

 



Тектеш кабарлар