Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат

Аллуш, Астанада саясий чечим табуу сүйлөшүлүшүнөн мурда ок атышпоонун күчтөндүрүлүшү керектигин баса белгиледи.

657349
Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат

 

Казакстандын баш калаасы Астанада өткөрүлгөн Сирия тууралуу сүйлөшүүлөргө катышкан оппозиция делегациясынын башчысы Мухаммед Аллуш, ок атышпоо камсыздалмайынча экинчи кадамга өтө албай тургандарын маалымдады.

Аллуш, Астанада алгачкы отурумдан кийинки сөз сүйлөөсүндө саясий чечим табуу сүйлөшүлүшүнөн мурда ок атышпоонун күчтөндүрүлүшү керектигин баса белгиледи.

«Ок атпоо күчтөндүрүлбөстөн, экинчи кадамга өтө албайбыз»,-деп айткан Аллуш, курчоо астында турган аймактардагы адамзат абалынын жакшыртылышы жана режимдин абактарында эч бир кыймылга катышпаса дагы кармалып турган 13 миң аялдын биринчи этапта эркин кое берилиши керектигин билдирди.

Аллуш: «Чыныгы саясий чечим табуу Асад жана анын жан жөөкөрлөрүнүн бул өлкөдөн кетиши менен аткарылат»,-деп айтты.

Ирандын башкаруусундагы согушкерлердин Сирияда болушун да сынга алган Аллуш: «Иран согушкерлеринин Чыгыш Гута жана Барада коктусунда эмне иш бар?»,-деп айтып, «ПЙДнын (террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы), Иран согушкерлеринин, ДЕАШтан айырмасы жок. Бул топтордун дагы террор тизмесине киргизилиши керек»,-деп айтты.

Сириядагы кагылышуулардын токтотулушу максаты менен аскердик оппозиция, Башар Асад режими, Түркия, Орусия, Иран жана Америка Кошмо Штаттарынын делегациялары, Казакстандын баш калаасы Астанада бүгүн жолукту.

Оппозициячылдардын атынан үстөлгө 14 кишилик аскердик делегация олтурду.

Түркия убактысы боюнча саат 11:00 чамаларында башталган жыйналышта биринчи отурумдан кийин тыныгуу берилди.

Экинчи отурум тараптардын арасында кыйыр түрдө уланууда.



Тектеш кабарлар