«Тоолуу Карабаг» маселесин сүйлөшүү

Алиев жана Саркисян, маселенин чечилишине карата шарттарды түзө турган айрым темалар боюнча эки жактуу макулдашууга жетишишти.

515209
«Тоолуу Карабаг» маселесин сүйлөшүү

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын президенти Серж Саркисян менен «Тоолуу Карабаг» маселесин сүйлөшүү үчүн кечээ Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жолукту.

Константиновский сарайында болгон үчтүк жолугушуудан кийин биргелешкен декларация кабыл алынды.

Кремлдин интернет барагында жарыяланган маалыматка караганда Алиев жана Саркисян Азребайжан менен Армениянын ортосунда 16-майда Венада болгон жыйналышта жетишилген, каршы-терши келген жерде ырааттуулуктун камсыздалышы жана Тоолуу Карабагда тынчтыкчыл процесстин бүтүрүлүшүн камсыздай турган атмосферанын түзүлүшү боюнча чечимдерин тастыктады.

Алиев жана Саркисян ушул максат менен кагылышуу аймагында эл аралык байкоочу санынын арттырылышын кабыл алды. Эки лидер ок атпоонун уланышына ыраазы болгондорун сөз кылышты.

Тоолуу Карабаг темасында кеңири пикир алмашкан Алиев жана Саркисян, маселенин чечилишине карата шарттарды түзө турган айрым темалар боюнча эки жактуу макулдашууга жетишишти.

Бир тараптан Орусиянын мамлекет башчысы Путин, жыйналыштан мурда Алиев жана Саркисян менен өз өзүнчө жолукту.

Путин менен жолугушуусунда Алиев, Орусия жана Минск тобунун башка мүчөлөрүнүн Тоолуу Карабагдагы абалдын кабыл алынгыс экени жөнүндөгү ачыктоолорун эске салып, «Биз бул сөздөрдү колдойбуз, бирок абалдын өзгөрүшү үчүн эң оболу Азербайжандын территориясында 20 жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан басып алуунун соңуна чыгарылышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар