Анкарадагы кыргыз студенттердин футбол мелдеши жыйынтыкталды (видео)

Анкарадагы ЖОЖдордо окуган кыргыз студенттер арасында футболдук мелдеш өттү.

477926
Анкарадагы кыргыз студенттердин футбол мелдеши жыйынтыкталды (видео)

 

24-апрелде Анкаранын Жакынкы Чыгыш техникалык   университетинин кичи футбол аянтчасында  Түркиянын борборундагы  Жогорку окуу жайларында окуган  кыргызстандык студенттер арасында  “Анкара достук лигасынын”  алкагында кичи футбол боюнча  мелдештин финалдык беттешүүсү  өттү.

 Мелдеш Анкара студенттик кеңеши тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого ээ болгон.

 Анкара студенттик кеңешинин төрагасы Адилет Абишевдин маалыматына караганда мындай мелдештер дайыма өткөрүлүп турат. Анын максаты –  Жогорку окуу жайларда окуган  кыргыз студенттердин жана иштеп жаткан илимпоз жаштардын башын бириктирип, бири-бири менен жакыныраак тааныштыруу болуп саналат.

Анкара шаарындагы Хажеттепе, Жакынкы Чыгыш техникалык университети, Полиция академиясы, Билкент университети жана башка 15ке жакын окуу жайларда  жүздөн ашык кыргызстандык студенттер окуп билим алышат.

“Ушул студенттерден 8 футболдук команда түзүлгөн жана алар өз ара мелдеш өткөрүүнү адатка айландырышкан. Бул жерден айта кетчү бир нерсе, командалар ичинде баары студенттер эмес, Түркияда иштеп жаткан орто муундагы кыргызстандыктар да  оюнчу катары кирген”-дейт Адилет Абишев.

Бүгүнкү оюнда финалга чыккан “Рэспект”, “Анкара юнайтед” жана “Аккула” командалары өз ара беттешти. Жыйынтыгында “Рэспект” командасы биринчи, ”Анкара юнайтед” экинчи ал эми “Аккула” үчүнчү орунга татыктуу болду.

Мелдештин аягында жеңишке жетишкен командаларды сыйлоо аземи болду. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Кыргызстандын Анкарадагы Достук жана маданият коому жана студенттик кеңешинин  кубогу, медалдар биринчи орунду алган  “Рэспект” командасына тапшырылды. Ошондой эле 2-3-орунду алган командалардын мыкты оюнчуларына  атайын  сыйлоо баракчалары ыйгарылды.

Аларды Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси Медер Абакиров, Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн башкаруу кеңешинин мүчөсү Алмазбек Асанбев салтанаттуу түрдө тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстандан ТРТга келип иш-тажрыйбасын алмашып жатышкан журналисттер да өз ойлорун бөлүшүп, “Кабар” агенттигинин Кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Осонов жаштарды окууларын ийгиликтүү бүтүрүп Кыргызстанга кайтып келүүгө чакырды.

Эми Анкарадагы Кыргызстандык студенттердин футбол боюнча курама командасы 1-майда Анкаранын Чубук мэриясы уюштурган студенттердин эл аралык футбол боюнча турнирине катышмакчы. Ага Анкарада окуган Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан республикаларынын студенттери жана Түркияда жашаган Ван кыргыздарынын командалары катышат. 

 



Тектеш кабарлар