Азербайжан Арменияны айыптоого чакырды

Азербайжан Армениянын аскердик кызматкерлерге карата адамзаттык тышы мамиле кылуу менен эл аралык укук жана негизги адам укуктары, Женева конвенциясы башта болуп бардык эл аралык келишим жана протоколдорду олуттуу түрдө бузганы белгиледи

476113
Азербайжан Арменияны айыптоого чакырды

Азербайжан эл аралык коомдук пикири Арменияны айыптоо жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин ишке ашырууга чакырды. Азербайжан тышкы иштер министрлигинин Тоолу Карабах маселеси тууралуу жарыялаган билдирүүcүндө Армениянын жарандык жана аскердик кызматкерлерге карата адамзаттык тышы мамиле кылуу менен эл аралык укук жана негизги адам укуктары, Женева конвенциясы башта болуп бардык эл аралык келишим жана протоколдорду олуттуу түрдө бузганы белгиленди.

Аймактагы кагылышуунун Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинин алкагында чечиле алары белгиленген билдирүүдө : «Азербайжан республикасы маселени саясий жол менен чечүү, аймакта тынчтык жана адилеттиктин түзүлүшү үчүн аракеттерин улантат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар