АКШда жашаган азербайжандыктар митингге чыгышты

Ак үйдүн маңдайындагы Лафайетте паркында чогулган топко кээ бир америкалыктар да колдоо беришти

467202
АКШда жашаган азербайжандыктар митингге чыгышты
  • АКШнын борбор шаары Вашингтондо жашаган азербайжандык түрктөр Армениянын Азербайжан жерлерин басып алуусуна каршы Ак үйдүн алдында митингге чыгышты. Ак үйдүн маңдайындагы Лафайетте паркында чогулган топко кээ бир америкалыктар да колдоо беришти.
  • Азербайжан, Түркия жана АКШ желектери менен жүргөн топ : «Армения аскерлери зордуктоо жана кыйноо менен күнөөлүү», «Азербайжанда мыйзамсыз басып алуучулукка каршы чыккыла», «Этникалык тазалоонун кылмышкери Армения» деп жазылган плакаттар ачылды.
  • Азербайжан диаспорасынын өкүлү Заур Байрамлы бул жерде Армениянын көптөгөн жылдан бери Азербайжан жерлерин басып алганын эске салды.
  • Эл аралык коомчулукту басып алуучулукту соңуна чыгарууга чакырган Байрамлы : «Тоолуу Карабах маселесинин чечилүүсү бир гана жолдон өтөт жана бул да Армения басып алган жерлерден чыгуулары керек. Андан кийин Карабахтын статусу талкуулана алат. Биз да Армениянын кол салууларына каршы чыгуу үчүн Ак үйдүн алдындабыз. Үнүбүздү дүйнөгө угузуу үчүн бул жердебиз. Бүткүл дүйнөгө айта турган сөзүбүз бул маселенин адилеттүү түрдө чечилиши»,- деди. Чогулган топ билдирүү жасагандан кийин таркап кетти.


Тектеш кабарлар