Ро - Ро жүк ташуучулугу
Фатих Шенер Орто Азия транспортунда эң кыска жол болгон Азербайжан – Түркмөнстан багытын колдонгон түрк унаалары үчүн Түркмөнстан тарабынан Ро – Ро кеме бааларында 20 пайыздык баа төмөндөтүү болгонун белгиледи
459265
- Эл аралык жүк ташуучулар бирикмесинин аткаруу кеңешинин төрагасы Фатих Шенер Орто Азия транспортунда эң кыска жол болгон Азербайжан – Түркмөнстан багытын колдонгон түрк унаалары үчүн Түркмөнстан тарабынан Ро – Ро кеме бааларында 20 пайыздык баа төмөндөтүү болгонун белгиледи.
- Шенер берген маалыматында 24 – 25 - март күндөрү Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта тема тууралуу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө баа берди.
- Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовдун 2015 – жылдын август айында өлкөнүн экинчи кемеси болгон «Бахтиярдын» каттамдарын баштоосу менен баа төмөндөтүүнүн болорун билдирүүсүн эске салган Шенер : «Бахтияр кемеси каттамдарын баштады жана баалар да түшүрүлгөн болду. Унааларыбыз Түркмөнстандын заманбап кемелери менен 20 пайыз арзанга ташылат. Бул маанилүү жардам үчүн Түркмөнстандын мамлекет башчысы Бердимухаммедовго рахмат айтабыз»,- деди.