Кыргызстандан чыккан бул маалымат дароо эле 2000 репост алды

Кыргызстан Түркияны террор менен күрөшүүдө колдойт.

451256
Кыргызстандан чыккан бул маалымат дароо эле 2000 репост алды

Кыргызстандык журналисттер даярдаган бул маалыматтык сүрөт социал медиа тармагын жарды. 1000ден ашуун репост алды.

Фейсбук социалдык тармагында боордош Түркияга көңүл айтуу акциясы кызуу жүрүп жатат. Саамалык кечээ күнү 14-мартта түштөн кийин саат 16:00 дөрдө башталган. Демилгени колго алгандар террордук чабуулга туш болгон Түркиянын желегин курчаган бир тууган Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Катар, Сауд Арабия, Татарстан, Иран, Башкыртстан, Өзбекстан, Азербейжан мамлекеттеринин бекем кармашып, биримдикке чакырган сүрөттүн астына “Түркия, биз сиз менен" деген жазуусу менен бөлүшүп жатышат. Акциянын баштоочусу журналист, блоггер Гиза Маматкулованын айтымында бул ишти Кыргызстандыктар чын дили менен колдоп беришти. Ал башталышында фейсбуктагыларга төмөнкүчө кайрылууну жолдогон: “Париж үчүн гана көңүл айтканчалык жүрөгүм тар эмес! Мен азыр боордош Түркиядагы террордук актылар үчүн да кайгырып турам. Мусулман өлкөсү, түрк тилдүү мамлекеттердин лидери болгон Түркия бул кыйынчылыктарды да жеңет деп ишенебиз! Биз сени менен Түркия! Жагдайга көңүл кош карабаган инсандарды бул сүрөттү көңүл айтуу максатында профилине коюшун сурайбыз." Андан аркы билдирүүлөрүндө журналист колдогон элдин көптүгүнө ыраазы болуп, бирок, Париждеги террордук актыда окуянын чоо-жайын түшүнүп-түшүнбөсө да көңүл айтып, профилдерине Франция желегин коюп алышкан айрым жарандар азыркы бир тууган Түркия элинин кайгысын бөлүшүүдө түшүнбөстүккө барып жатканын, көңүл кош карагандар да бар экенин кошумчалайт. Ошондой эле, дагы бир кайрылуусунда Гиза Маматкулова минтип жазган: Париждеги жардырууда дүйнө эли профилин Франция желегине алмаштырган болчу. Азыр да ошол патриотторубуз барбы?. Же башкалардын өмүрү, коопсуздугу француздардыкындай маанилүү эмеспи? Дагы канча мусулман өлкөсү дүйнөлүк державалардын террор оюндарынын аймагына айланыш керек? Абалга көңүл кош карабагандар, бул сүрөттү көңүл айтуу катары профилине коюп жатышат. Биз канчалык көппүз, канчалык биримдиктебиз?



Тектеш кабарлар