Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү

Кыргыз-түрк форуму Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү

424479
Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү

21-22-январда Түркиянын борбору Анкарада эл аралык кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өттү. Иш-чара Түркиянын соода-өнөр жай палатасы жана биржалар биримдиги, КР Түркиядагы элчилиги, КР соода-өнөр жай палатасы, “Кыргызстан достук жана маданият” коому тарабынан уюштурулду.
Ага КР экономика министри Арзыбек Кожошев,Түркия Республикасынын Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи, КР жана Түркиянын бир катар мамлекеттик кызматкерлери, жеке ишкерлер жана бизнесмендер катышты.
Форумдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн КР экономика министри Арзыбек Кожошев Түркия Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экономикалык жана соода өнөктөштөрдүн бири экендигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду: «Бул форум жогорку максаттарга жетүү үчүн жасалган кадамдардын бири. Эки өлкөнү тамыры терең тарыхы, байыркы маданий жана каада салттары бириктирет. Биздин тилибиз, динибиз бир. Түркия Кыргызстандын эгемендигин тааныган биринчи мамлекет. Бүгүнкү күндө Түркия Кыргызстан үчүн негизги соода -экономикалык өнөктөштөрдүн бири болуп калды. Ал эми, Түркия республикасы менен эки тараптык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү КР тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынан болуп эсептелет”,-деди А.Кожошев.

Ал эми Түркиянын бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда иш алып барган 300гө жакын түрк фирмалары кыргыз экономикасына чоң салым кошконун белгиледи. «Кыргызстандын өнүгүүсү, ырааттуулугу Түркиянын да ырааттуулугу, Кыргызстандын коопсуздугу Түркиянын да коопсуздугу болуп саналат. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, соода, маданий жана билим берүүдөн тартып, 200дөн ашуун келишим жана меморандум менен карым-катнаштар уланууда. Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши жана кошмо экономикалык комиссиянын жыйналыштары, бажы башкармалыгы ортосундагы жыйналыштар карым-катнаштарыбыздын дагы да тереңдеши абдан маанилүү»,-деди.

«Ошондой эле, дос жана тууган эки өлкө катары карым-катнаштарыбызды бардык платформада жогорку деңгээлде улантууга аракет кылуудабыз. Кыргызстандык кесиптештерибизден да ушундай эле күжүрмөндүктү күтөбүз. 300дөн ашуун Түрк фирмалары 5 миңден ашуун кыргыз жаранын иш менен камсыз кылууда. Албетте, бул жетиштүү эмес. Ошондуктан кызматташуубуздун дагы да көбөйүшү зарыл»,-деп кошумчалады Бүлент Түфенкжи.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу кыргыз жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берээрин КРнын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов белгилеп өттү.
Анын айтымында, түрк ишкерлери үчүн бир гана Кыргызстанга эмес, андан дагы чоң базарга Кыргызстан аркылуу чыгууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатат. «Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аткарылып жаткан иштер аз. Ал эми, аны көбөйтүү ишкерлердин колунда»,-деп баса белгиледи элчи.
Мындан сырткары түрк боордоштордон туризм тармагын өнүктүрүү боюнча дагы бир топ пайда алсак боло тургандыгын айтып, өз сөзүн жыйынтыктады элчи.

Түркиянын соода-өнөр жай палатасы жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Түркиянын эң ири соода-өнөр жай уюму катары Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга даяр экендигин айтты.
Аталган форумда КРнын Түркиядагы элчиси ОСТИМ өндүрүш аймагынын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда ОСТИМ сыяктуу ишкананы салуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек экендиги тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле, КР соода өнөр-жай палатасы менен ОСТИМ ишканасынын жетекчилиги ортосунда келишимге кол коюлду. Бул келишимде Кыргызстанда да ОСТИМ сыяктуу өнөр жай аймагын куруп, аны менен кызматташуу боюнча маселелер каралды.

Форумга катышкан ишкерлердин айтымында өлкөбүздүн ички дүң продукциясына кичи жана орто бизнестердин кошкон салымы чоң. Бул эки тармак экономиканын эң негизги өзөгүн түзөт. Ошондуктан, бул тармактарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ал эми жогорку деңгээлде уюштурулган кыргыз-түрк форуму эки өлкөнүн достугун, ынтымагын жана кызматташтыгынын мындан ары дагы бекемделишине шарт түздү. Ошондой эле, ишкерлердин түздөн-түз байланышууга, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө жол ачты.
Эки күнгө созулган кыргыз-түрк бизнес форумуна эки тараптан жалпысынан 300дөй өкүл катышты.

Аталган форумдун башкы максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкерлерине түздөн-түз пикир алмашууга жол ачуу.


Минара Ибраева,



Тектеш кабарлар