Генштабдын төрагасы Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү

Cапарынын акыркы күнүндө тарыхый Генже шаарын кыдырды.

389586
Генштабдын төрагасы Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү

Генштабдын төрагасы, армия генералы Хулиси Акардын Азербайжандагы жолугушуулары аяктады.
Армия генералы Акар сапарынын акыркы күнүндө тарыхый Генже шаарын кыдырды.
Генерал Акар Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен бирге алгач 3-Корпус командирлигине барды.
Аскердик азем менен тосулуп алынган Акар бул жерди кыдырып, жооптуу кызматкерлерден маалымат алды.
Андан соң Гайдар Алиев борборун жана Низами Генжевинин көрүстөнүн зыярат кылды.
Генже шаарындагы Түркиянын башкы консулдугуна да барган Хулиси Акар, консулдук кызматкерлери менен жолугушту.
Азербайжанды душмандын чабуулунан куткарган Кавказ Ислам армиясынын командири Нури Пашанын фронт катары колдонгон үйүн да кыдырган генерал Акар үй ээлери менен маектешти.
Армия генералы Хулиси Акар андан соң Кавказ Ислам армиясынын желектеринен бирине ээ болгон Фузули Хүсеиновдун үйүнө конок болду жана желектин баянын өзүнөн укту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар