Парламенттик шайлоого канча адам катышат?
4-октябрдагы парламенттик шайлоого өз добушун бере турган шайлоочулардын акыркы саны такталды.
386800
Шайлоого бара тургандардын жалпы саны такталды. Ага Кыргызстандан жалпысынан 2 млн 761 миң 297 адам катышат. Анын ичинен 15185 жаран башка мамлекеттен добуш берет. Мындай маалыматты бүгүн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
“4-октябрдагы парламенттик шайлоого өз добушун бере турган шайлоочулардын акыркы саны такталды. 3-октябрда эртеден баштап мөөнөтүнөн мурда шайлоолор башталат. Анда добуштарын майып жарандар беришет”,-деди Т.Сарпашев.
“Ошондой эле, бүгүн саат 20:00дө шайлоолор боюнча Республикалык штабдын ыкчам жыйыны өтөт. Анда шайлоого акыркы даярдыктар тууралуу талкуу болот”,-деп айтты.