ТИКАдан Ахыска түрктөрүнүн мекендерин зыярат кылуусуна колдоо

Зыярат 14 - 20 - сентябрь күндөрү болот

348666
ТИКАдан Ахыска түрктөрүнүн мекендерин зыярат кылуусуна колдоо


Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин төрагалыгы ТИКА Грузиянын Ахыска аймагында төрөлүп, бирок бүгүн Кыргызстанда жашаган ахыскалык чоң энелердин туулган жерлерин зыярат кылуулары үчүн жардам берет. Зыярат 14 – 20 - сентябрь күндөрү болот.
ТИКА эки жыл мурда да ахыскалык чоң аталарды Грузиянын Ахыска аймагына алып барган.
Кыргызстан Ахыска түрктөрү коомунун төрагасы Рашад Шамилов Ахыска түрктөрүн колдогон түрк калкына, жеке президент Р. Т. Эрдоганга Кыргызстанда жашаган ахыскалыктардын атынан рахмат айтты. Шамилов карыялардын туулган жерлерин көрүүлөрү үчүн бул зыяратка жардам берген Түркия республикасынын тышкы иштер министрлиги менен ТИКА башкаруусуна ыраазычылык билдирди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар