Кыргыздар Кызылжахамамда эс алышты (видео)

Анкаранын ар кайсы университеттеринде билимин алып жатышкан студенттер Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата эс алууга чыгышты.

374101
Кыргыздар Кызылжахамамда эс алышты (видео)

Түркияда кыргызстандыктардын башын бириктирип турган Кыргызстан достук жана маданият коому бар. Бул коомдун Анкара кеңсесинин уюштуруусу менен Анкаранын ар кайсы университеттеринде магистратура жана докторантура билимин алып жатышкан студенттер Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата эс алууга чыгышты. Эс алуучу жер катары Анкара облусуна караштуу Кызылжахамам районунун Согуксуу сейил багы тандалды жана ал жерге барып карагйлуу токойдун арасында, шаардын ызы-чуусунан алыс, таза абада абдан сонун эс алуу өткөрүштү.
Кыргызстан достук жана маданият коому ушул сыяктуу ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп турат. Аларды санай кетсек илимий конференциялар, бизнесс форумдар, кыргыздын атактуу инсандарын эскерүү кечелери, поэзия кечелери, майрамдык кечелер, семинарлар, тааныштыруу кечелери...
Ала-Тоодон алыста болсо дагы Эгемендүүлүк күнүн жүрөгүндө жашаткан кыргыз жаштары келечекке үмүт менен карашат жана Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп дүйнөлүк өнүккөн мамлекеттердин арасынан ордун таба турганына ишенишет. (Видео)


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар