"Союз" капсуласы учурулду

Казакстан үчүнчү жолу космонавт жиберди

373323
"Союз" капсуласы учурулду

Эл аралык космостук станциясында кызмат кыла турган үч космонавтты ташыган «Союз» капсуласы Казакстандын Байконур космостук базасынан учурулду.
Американын авиация жана космостук мекемеси НАСА капсуланын ийгиликтүү учурулганын билдирди.
Капсулада даниялык космонавт Андреас Могенсен орус космонавт Сергей Волков менен казак космонавт Айдын Айымбетов бар. Могенсен космоско барган биринчи Дания жараны болду. Космонавттар жума күнү станцияга барып конот.
Могенсен, Волков жана Айимбетовдун баруусу менен Эл аралык космос станциясындагы космонавт саны тогузга чыгат. Могенсен жана Айымбетов Эл аралык космос станциясынын азыркы учурдагы командири орус космонавт Геннадий Падалка менен 12 - сентябрда жер шарына кайтат. Падалка кайткандан мурда Эл аралык космостук станциянын командирлигин НАСАдан Скотт Келлиге өткөрүп берет.
Косомнавттар акыркы эки жылды эл аралык космостук станцияга баруу үчүн алты саатка созулган кыска жол менен барат. Бирок орус федералдык космостук агенттиги эл аралык космостук станциясынын космостук таштандыларынын айынан орбитасын алмаштыруусунан кийин коопсуздук негиз менен салттык багытка кайтуу чечимин чыгарган.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар