Азербайжан-Армения фронтунда чыңалуу күчөдү

Азербайжан-Армения фронтундагы ок атышууда 5 армян аскери каза тапты.

340119
Азербайжан-Армения фронтунда чыңалуу күчөдү

Азербайжан-Армения фронтунда болгон ок атышууда 5 армян аскери каза таап, 8и жаракат алды.
Окуяда азербайжандын 3 аскерине да бытыра тийип жарадар болду.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү маалымдоосунда Армениянын куралдуу күчтөрү фронттун Агдам жана Хожавенд аймактары багытында оор куралдар менен кол салды.
Азербайжандын куралдуу күчтөрү кол салууга жапырт ок атып жооп кайтарды.
Жаралуу аскерлер дарылангандан кийин кызмат бөлүктөрүнө жөнөтүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар