Эки лидер бирдикте концерт көрүштү

Кипрде лидерлердин социалдык иш чараларда жолугушуусу улантылууда

306752
Эки лидер бирдикте концерт көрүштү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы менен Кипр Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис бул жолу Газимагусада түрк жана рум өнөрпоздору бирге берген концертти көрүштү.
Абдан чоң кызыгуу көргөн концерттен кийин лидерлер тынчтык сөздөрүн сүйлөштү.
Президент Мустафа Акынжы андан мурда Лимасолдо бир театр оюнун көрүшкөндөрүн эске салып : «Кааласа Лимасоль болсун, кааласа Магуса болсун айырмасы жок, Кипр биздин үйүбүз. Жаратууну калаган абал бул аралдагы ар бир жердин баарыбызга таандык болушу»,- деди. Акынжы федералдык принциптердин негизинде чечүүчү жолго жетүүнү максат кылышкандарын баса белгилеп бул максатка жетүү үчүн көп аракет кылышкандарын, эки коомдун да жардамына муктаж экендерин айтты.
Эки коом бириге турган болсо бир келечектин жаратыла аларын белгилеген Мустафа Акынжы : «Мындан кийин дагы көп убакыт жогото албайбыз»,- деди.
Рум башкаруусунун лидери Анастасиадис болсо эки коомдуу бардык калктардын бардык укуктары сакталган Бириккен Кипр үчүн иштешкендерин белгиледи. Досум деп кайрылган Акынжы менен аракеттеринин Европа Биримдигинин стандарттарына ылайык өлкө жаратуу экенин белгилеген Анастасиадис бир гана жолдун биригүү экенин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар