Азербайжан финалга чыкты

«Евровидение-2015» ыр сынагынын экинчи жарым финалында Азербайжанды өкүлдүк кылган Эльнур Гусейнов финалга катышууга жолдомо алды.

284365
Азербайжан финалга чыкты


Австриянын борбору Венада быйыл 60-ирет өтүп жаткан «Евровидение-2015» ыр сынагынын экинчи жарым финалы болду.
Азербайжандын атынан сынакка катышкан Эльнур Гусейнов 17 өлкөнүн арасына кирип финалга катышууга жолдомо алды.
«Hour of the Wolf» аттуу ыры менен өлкөсүн өкүлдүк кылган Гусейнов сынактын мыктыларынын арасында көрсөтүлүүдө.
Экинчи жарым финалдын жыйынтыгына караганда финалга чыккан башка өлкөлөр Швеция, Литва, Словения, Польша, Норвегия, Израиль, Латвия, Кипр Рум бөлүгү жана Черногория болду.
19-майда өткөрүлгөн биринчи жарым финалда арасында Армения да болгон 10 өлкө финалга чыккан.
27 өлкө жарыша турган финал эртең өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар