Крым татарларынын сүргүнү Түркияда эскерилди

Президент Эрдоган сүргүндө болгон окуялардын тарыхка уяткаруучу, кара так катары өткөнүн айтты.

279312
Крым татарларынын сүргүнү Түркияда эскерилди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Крым татарларынын мекендеринен сүргүнгө айдалышынын 71-жылынын себебинен маалымат жарыялады.Эрдоган сүргүндө болгон окуялардын тарыхка уяткаруучу, кара так катары өткөнүн айтты.
Эрдоган маалыматында: «Бул эскерүү күнүнүн 71-жылында сүргүндө шейит болгон, мекен сагынычы менен көз жумган бүткүл крым татары туугандарыбыздын жаткан жери жайлуу болсун»-деди.
Крым татарларынын сүргүндөн толук 70 жыл кийин, өткөндөгү травмаларды эске салган жаңы мезгилге киргендерин айткан Эрдоган, «Крым, 2014-жылы эл аралык укук тебеленип бузулду, аймакта укукту бузуулар кайрадан башталды. Бул кабыл алынгыс абал»-деп айтты.Анда Түркиянын Крым татарларынын эркин жана коопсуз түрдө мекендеринде жашоолорун камсыздоого карай күрөшүн чечкиндүүлүк менен уланта турганы да баса белгиленди.
Белгилей кетсек, Крым татарлары өз мекендеринен сүргүнгө айдалышынын 71-жылын, Түркиянын чоң шаарларында митингдерди уюштуруп эскерди.
1944-жылдагы Орусиянын сүргүнгө айдоосуна, Стамбулда уюштурулган жүрүш менен нааразылык билдирилди.Түрк жана крым желектери менен Орусия консулдугунун алдына келген топ, сүргүндө жашоосунан ажырагандар үчүн таазим кылышты.Боштондук гимни жана Крым маршынын ойнотулушунан кийин дубалар кылынып, башкы консулдуктун каалгасына кара гүлчамбар ташталды.
Борбор шаар Анкарадагы «Анадолу» аянтында болгон эскерүү митингине миңдеген Крым татары катышты.Орусиянын Крымдагы эскерүү аземине уруксат бербегенин эске салган катышуучулар, кысымдар күн өткөн сайын күчөгөнүн, эртең менен адамдардын каалгалары чертилип суракка алынганын, ар түрдүү кысым ишке ашыруулары уланып жатканын сөз кылышты.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар